Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

Бишкекте “Музейдеги түн” акциясы өтөт


"Музейдеги түн" акциясы өтөт
"Музейдеги түн" акциясы өтөт

Кыргызстанда эл аралык Музей күнү белгиленүүдө. Бул майрамга карата Кыргызстандын бардык аймактарында жана борбор калаада бир катар иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги майрамдык иш-чаралар 25-майга чейин улантыларын айтты.

Музей күнүн белгилөө Бишкекте бүгүн, М.Фрунзе атындагы музейде башталды.

Музейге келгендерге алгач опера ырчылары, аскер оркестри жана бийчилер өз өнөрлөрүн тартуулап, алар ичи менен таанышты. Бүгүн бул жерде 19:00дөн 22:00гө чейин “Музейдеги түн” акциясы улантылат.

Кыргызстанда жалпысынан 78 музей бар. Аларда 700дөн ашуун кызматкер эмгектенет. Ал эми музейлердеги экспонаттардын саны 200 000 түзөт. (ZA)

XS
SM
MD
LG