Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Эл аралык валюта фонду Иранды мунайга көп үмүт артпоого чакырды


Иран
Иран

Эл аралык валюта фонду Иранды мунай сатуудан түшкөн кирешеге ашыкча үмүт артпоосу керектигин эскертти жана дүйнөлүк экономика менен кызматташуу жаатында башка жолдорду издөөнү сунуштады.

Ирандын Борбордук банкында 17-май күнкү жолугушуу учурунда Эл аралык валюта фондунун төрага орун басары Дэвид Липтон “Тегеранга мурда киргизилген санкциялар алып салынгандан соң Иран эл аралык экономикага интеграциялашуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болду” деп билдирди.

Иранга АКШ жана Европа мурда киргизген быйыл январда алып салынган. Андан бери мамлекет мунай казууну кескин көбөйтүп, күнүгө 4 миллион баррель кара алтын чыгарууда. Санкциялар учурунда күнүгө 1 миллион баррель казылчу.

Липтон мунай 100 долларга арзандап, 47 долларга бааланып калганын эсепке алганда Иран экономикасынын өнүгүүсүнө өбөлгө жарата албастыгын кошумчалады. Ошондуктан, Тегеран экономикасын өнүктүрүү үчүн башка тармактарга көңүл буруусу зарылдыгы белгиленет.

XS
SM
MD
LG