Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

ЕБ Крым татарларынын укугун сактоого чакырды


72 жыл илгери, 1944-жылдын 18-майында Крым татарларын күчтөп көчүрүү башталган.
72 жыл илгери, 1944-жылдын 18-майында Крым татарларын күчтөп көчүрүү башталган.

Евробиримдиктин Украинадагы өкүлчүлүгү Орусия аннексиялап алган Крымда адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарды сактоо талабы менен чыкты. Крым татарларын күчтөп көчүрүүнүн 72 жылдыгын утурлай жарыяланган билдирүүдө бул күнгө карата тынч жыйындарды өткөрүүгө Орусия тарабынан тыюу салынышы туура эместиги белгиленген. Ошондой эле Межилис орус соту тарабынан экстремисттик уюм катары таанылышы крым татарларынын укугуна жасалган "коркунучтуу чабуул" деп сыпатталат. Мындан тыш жакында крым татарларынын камалышы боюнча чыккан маалыматтар олуттуу тынчсыздануу жаратары айтылат.

Орусия аннексиялап алган Крым бийлиги үч жылдан бери крым татарларына Симферополдун борборунда салтка айланган аза митингин өткөрүүгө уруксат бербей келатат.

72 жыл илгери, 1944-жылдын 18-майында Крым татарларын күчтөп көчүрүү башталган. Совет бийлиги Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттик Германия менен кызматташкан деген жүйө менен 200 миңдей элди Орто Азия аймагына депортациялаган. Жолдогу кыйынчылыктан жана ачкачылык менен ар кандай оорулардан 30 миңден ашуун адам ажал тапкан.

Крым татарларына мекенине кайтууга 1989-жылы гана уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG