Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Укук коргоочулар президентти сотко беришти


Укук коргоочулардын нааразылык акциясы
Укук коргоочулардын нааразылык акциясы

“Кылым шамы” коомдук фондунун жетекчиси Азиза Абдирасулова менен «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын башчысы Төлөкан Исмаилова президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылды. Алар президенттин айткандарына калыс баа берүү өтүнүчүн БУУнун укук коргоочуларды коргоо боюнча атайын баяндамачысына да жолдошту. Бул тууралуу укук коргоочулар “Азаттыкка” билдиришти. 14-майда президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата куттуктоо айтып жатып "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар", ал эми алардын жыйынына катышкан эки укук коргоочуну "грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр" деп атаган эле.

Абдирасулова менен Исмаилова буга нааразылык билдирип, президенттен кечирим суроону талап кылышкан. Алар жыйынга мониторинг жүргүзүү үчүн катышканын, мындай ишмердүүлүгүн буга чейинки эки бийлик тушунда да жүргүзүп келгенин жана уланта берерин айтышууда. (NT)

XS
SM
MD
LG