Македониянын Конституциялык соту эмки айга белгиленген мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоого камылгаларды убактылуу токтотту. Конституциялык сот эми парламентти таратуу чечими Башмыйзамга шайкеш келер-келбесин аныктап, сегиз күн ичинде чечим чыгарууга тийиш.
Эгер сот парламент мыйзамсыз таратылган деген тыянак чыгарса, анда 5-июнга белгиленген шайлоо жокко чыгарылып, таратылган парламент кайра калыбына келтирилиши шарт.
Бул өлкөдө премьер-министр Никола Груевски башында турган өкмөт 20 миңден ашуун кишинин телефон сүйлөшүүлөрүн мыйзамсыз жаздырып алганы ачыкка чыккандан кийин чыккан саясий кризисти жөнгө салуу максатында парламент таратылып, эрте шайлоо жарыяланган.
Бирок оппозициядагы Социал-демократтар партиясы шайлоого бойкот жарыялап, аны ачык жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө эч кандай шарт жоктугу менен түшүндүргөн. Андан тышкары мамлекеттеги албан улуттук азчылыктарынын кызыкчылыгын көздөгөн эки партия да бойкотко кошулуп, талапкерлер тизмесин берүүдөн баш тартып, ал партиялардын бири Конституциялык сотко кайрылган.