Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Киев Янукович келсе коопсуздугу камсыздаларын убада кылды


 Виктор Янукович
Виктор Янукович

Украинанын Башкы прокуратурасы мурдагы президент Виктор Янукович козголгон кылмыш иши боюнча Киевге суракка келчү болсо коопсуздугу камсыздаларын убада кылды. "Януковичти Киевде коркунуч тооруйт деген билдирүү чындыкка коошпойт", - деди мекеме өкүлү.

Мунун алдында Януковичтин адвокаты Виталий Сердюк кардары өмүрүнө туулган коркунучтан улам Киевге баруудан баш тартканын айтып чыккан. Адвокат Башкы прокуратурада Янукович нааразылыкка чыкан элге ок атууга тиешеси бардыгы тууралуу далили жок деп эсептээрин жана Интерпол ал саясий негизде куугунтукка алынган деген жүйө менен эл аралык издөөнү токтотконун кошумчалады. Ошондой эле Башкы прокуратураны Януковичти Орусия аймагынан эле видеобайланыш аркылуу суракка алууга чакырган.

Украинанын Юстиция министрлигинен мурдагы президент менен видеобайланыш өткөрүү ниети жоктугун билдиришти.

Киевде 2014-жылдын кышында активисттер менен милициянын атайын даярдыктагы тобунун кагылышуусунан жүздөн ашуун адам мерт болгон. Өлкөнүн азыркы бийлиги Янукович каршылыкка чыккандарга ок атууну буйруган деп эсептейт. Мурдагы президент өзү муну четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG