Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Москвада банкты барымтага алган адам жок кылынды


Москва, банк.
Москва, банк.

Орусиянын ички иштер министрлиги билдиргендей, Москванын Первомайск көчөсүндө жайгашкан «Насыялоо банкынын» кеңсесине кирип, кызматкерлерди барымтага алган куралдуу кылмышкер атайын операция маалында жок кылынды. Кызматкерлер жабыр тарткан жок.

Кылмышкер жардыргыч затты иштетүү аракетин көргөн учурда тындым кылынганы кабарланды. Банк жайгашкан турак-жайдын жашоочулары чыгарылды. Саперлер баарын текшерип чыккандан кийин гана аларга үйлөрүнө кирүүгө уруксат берилет.

Кечээги окуяда кылмышкер менен полиция сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал ири суммадагы акча бербесеңер кеңсени жардырып жиберем деп коркутуп, төрт жарым миллиондон ашуун рубль жана 13 миң евро берүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG