Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

Укук коргоочулар президент боюнча маалымат беришет


Укук коргоочулардын Акүй алдындагы пикети.
Укук коргоочулардын Акүй алдындагы пикети.

“Кылым шамы” коомдук фондунун жетекчиси Азиза Абдирасулова менен «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын башчысы Төлөйкан Исмаилова бүгүн маалымат жыйын курушат. Алар президенттин айткандарына укуктук баа берүү боюнча көрүлүп жаткан аракеттери тууралуу айтып беришет. Эки укук коргоочу 18-майда президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна арыз жолдоп, БУУнун укук коргоочуларды коргоо боюнча атайын баяндамачысына да кайрылуу жиберишкен.

Азиза Абдирасулова “Азаттыкка” билдиргендей, мамлекет башчы укук коргоочулардын талаптарына жооп кайтарган жок. Бирок президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Мира Карыбаеванын жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маеги Атамбаевдин көрсөтмөсү катары бааланууда.

Карыбаева 16-майда айрым укук коргоочулар аброюн түшүргүсү келбесе, шек жараткан жыйынга барардан мурун терең ойлонуп кадам таштамак деген көз карашын айткан.

14-майда президент Алмазбек Атамбаев Энелерди куттуктап жатып "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "эл бузарлар", ал эми алардын жыйынына катышкан эки укук коргоочуну грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп атаган. Абдирасулова менен Исмаилова жыйынга мониторинг жүргүзүү үчүн катышканын белгилешип, президенттин айткандары демократиялык эрежелерге сыйбайт деп сыпатташкан. Атамбаевден кечирим суроону талап кылып, болбосо сотко кайрыларын билдиришкен эле. (NT)

XS
SM
MD
LG