Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Чикагодогу кыргыздар Нургазыны коноктоп, белек тартуулады


Нургазы Чикагодогу кыргызстандыктар менен
Нургазы Чикагодогу кыргызстандыктар менен

"Азаттыктын" "Кыял" тасмасынын каарманы, Кочкор районунун тургуну Нургазы Жакшылыкбек уулу бүгүн АКШнын Чикаго шаарында жашаган кыргызстандыктарда конок болууда.

Нургазынын урматына Kyrgyz Community уюму тамак-аш жарманкесин уюштуруп, иш-чарага 200дөй адам катышты.

Уюмдун атынан Нургазыга ноутбук белек кылынды. Ошону менен катар ал компьютерде иштөөнү жана англис тилин үйрөнүүсү үчүн каражат чогултулуп берилди.

Эки миңдей кыргызстандыкты бириктирген Kyrgyz Community жетекчиси Уланбек Азимбаевдин "Азаттыкка" айтуусунда, уюм Нургазынын билим алуусун каржылап турууну чечти.

Чикагодо учурда 2 миңдей кыргыз жараны бар.

"Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаевдин “Кыял” тасмасы эл аралык Webby Awards премиясына татып, 17-майда Нью-Йорктогу сыйлык тапшыруу аземине Нургазы өзү, тасманын автору Уланбек Эгизбаев жана демөөрчү катары барган “Элим, барсыңбы?” фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов катышты.

Нургазы айыл жеринде мектепке араба менен кыйналып жеткени, жакшы билим алгысы келгени тууралуу кыялдарын айтып берген бул тасма коомчулукка жарыялангандан кийин "Элим барсыңбы?"
коомдук фондунун ыктыярчылары ага квадроцикл сатып беришкен. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG