Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Кумсаларга каршы акция өтүүдө


Бишкекте кумсаларга каршы акция өтүүдө
Бишкекте кумсаларга каршы акция өтүүдө

Ушу тапта Улуттук филармониянын алдында 20 чакты адам катышкан акция өтүүдө. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдаганына караганда, алар массалык маалымат каражаттары аркылуу кумсаларды пропагандалоо жүрүп жатканын айтып, бул көрүнүшкө каршы күрөшүүгө чакырууда.

Нааразылык акциясына чыккандар колуна "КТРК ук! ЛГБТ - кыргыз эли үчүн реалдуу коркунуч", "Биз аморалдуулукка каршыбыз" деген жазууларды кармап турушат.

КТРК каналына жакында "Ой ордо" көрсөтүүсү чыгып, анда кумсалардын укугу тууралуу сөз болгон. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG