Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:25

Ооганстанда азербайжандык учак кулады


Азербайжандык Silk Way авиакомпаниясынын жүк учагы Ооганстанда кыйрады. Экипаждын жети мүчөсү мерт болуп, экөө оор жаракат алган. Бул тууралуу Бакудагы Report агенттиги кабарлоодо.

АКШнын Ооганстандагы аскер өкүлүнүн айтымында, кырсык "аскердик кийлигишүүдөн" улам болгон эмес.

Жүк ташуучу Ан-12 учагы шаршемби кечинде Гилменд провинциясынын Двайер аэропортунан учкандан кийин кыйраган.

Азербайжан жарандык авиациясы "учак Ооганстанда жүк ташуу үчүн Silk Way компаниясынан ижарага алынган” деп билдирүү таратты.

Мекеме учактагы экипаж мүчөлөрү Өзбекстандын бир (капитан), Украинанын үч, Азербайжандын беш жараны экенин тактады.

XS
SM
MD
LG