Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Армения борбору Ереванга жөнөп кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөт башчынын маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов кабарлады.
Бүгүн жана эртең өтө турган жыйында биримдикке мүчө мамлекеттердин кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралат.
Мындан тышкары кыргыз өкмөтүнүн башчысы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолугат.
Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия кирген Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан бир жыл мурда кошулган. (RK)