Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Египеттин жоголгон учагы табыла элек


Учактын болжолдуу жоголгон маршруту
Учактын болжолдуу жоголгон маршруту

Париж-Каир багытында жоголгон учакты издөө-куткаруу иштери уланууда. Египет улуттук авиакомпаниясы учакта 56 жүргүнчү жана экипаждын 10 мүчөсү болгонун билдирди.

MS804 учагы 19-майда Парижден Каирге учуп чыккан. Коноруна 20 мүнөт калганда, же Каир убактысы боюнча түнкү 2:30да радардан жоголгон. Жоголор алдында эч кандай кооптуу сигнал берген эмес.

Учактын жоголгон чекитин аныктоо үчүн аскер-деңиз кемелери тартылды. Буга Греция да көмөктөшүүдө.

Египет жана Франция президенттери кыйроонун жагдайын биргелешип аныктоо тууралуу телефондон сүйлөштү.

XS
SM
MD
LG