Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Өзбекстан аскердик вертолетторду сатып алды


Вертолет жасаган дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын бири Airbus Helicopters Өзбекстан куралдуу күчтөрүнө тик учактарын жеткирди.

Алар Super Puma жана AS 350 Ecureil үлгүсүндөгү тик учмалары экенин I-mash машине куруу ресурсуна таянып Ca-News агенттиги жазды.

I-mash маалыматына караганда, Өзбекстан 2013-жылы Airbus Helicopters менен 8 транспорттук жана 8 жеңил тик учак үчүн 180 млн евролук келишим түзгөн.

Германия өкмөтү саясий максатта өзбек бийлигине карата келишимди аткаруудан баш тартып келгени үчүн аталган вертолетторду Ташкенге берүү кечиккенин I-mash ресурсу белгилейт.

2014-жылдын жайында Airbus Helicopters Өзбекстанга алгачкы эки тик учмасын жеткирген. Калган 14 тик учманы берүүгө Германия бийлиги 2015-жылы гана уруксат берген.

XS
SM
MD
LG