Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Рысбаев: Экспорт дээрлик токтоп калды


ЕАЭБге Кыргызстан 2015-жылы кошулган
ЕАЭБге Кыргызстан 2015-жылы кошулган

Парламенттин бүгүнкү жыйынында айрым депутаттар Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин товар өндүрүүчүлөр продукциясын экспортко чыгара албай кыйналып жатканы боюнча маселени көтөрүштү.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов тиешелүү лабораторияларды курууга даярдык жакшы жүрбөй, натыйжада продукция башка өлкөлөргө эмес, коңшу Казакстанга өтпөй жатканын айтты.

Ал эми депутат Кожобек Рысбаев фитосанитардык көзөмөл мекемесинин жетекчилигин алмаштыруу керек деген пикирин билдирди:

- Фермерлер, дыйкандар продукциясын сата албай калды. Картошка боюнча казактар 3-4 жолу эскерткенине карабастан биздин башкы инспектор кол коюп берип, эми мына өткөрбөй салышты. Кокон гиласты тажиктер бизден алып Кытайга сатууда. Экспорт маселеси чечилбей калды. Фитосанитариянын башчылыгына жакшы кадр алып келиш керек.

Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия кирген Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан кошулганына бир жыл болду. Кыргыз товар өндүрүүчүлөрү үчүн кеңири экспорттук потенциал ачылары айтылганы менен азырынча "фитосанитардык талаптарга жооп бербейт" деген негизде кыргыз-казак чек арасынан Кыргызстандын сүт, эт, жашылча азыктары өтпөй жатканын дыйкандар айтып арызданууда. (RK)

XS
SM
MD
LG