Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Казакстанда кармалган адамдардын саны 20дан ашты


Жер маселесин талкуулаган жыйындар
Жер маселесин талкуулаган жыйындар

Казакстандын ар кайсы аймактарында 20дан ашуун адам “Тынч чогулуштарды өткөрүү жана уюштуруу тартиби тууралуу" мыйзамды бузду делип, камакка алынды. Кармалган адамдар жер реформасы боюнча жеке көз карашын билдирип, 21-майда өткөрүлчү митингди колдоочулар экени маалымдалууда.

Апта башында Казакстан полициясы социалдык түйүндөрдө жер реформасына байланыштуу жеке пикирин билдирген жарандарды жана активисттерди куугунтуктоону күчөткөн.

Казакстанда 17-майдан бери 20дан ашуун адам кармалган. Соттор административдик камакка алуу туурасындагы чечимдерин түн ичинде чыгарышууда.

Freedom House, Human Rights Watch укук коргоо уюмдары казак бийлигин активисттерди бошотууга чакырды. Буга чейин БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери да жарандык активисттерди кармоону жана куугунтуктоону токтотууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG