Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

"Айчүрөк" дүкөнүнүн жанындагы фонтандын тегереги оймо менен кооздолот


"Айчүрөк" дүкөнүнүн жанындагы фонтандар реконструкцияланууда
"Айчүрөк" дүкөнүнүн жанындагы фонтандар реконструкцияланууда

Бишкекте көпчүлүккө ЦУМ деген аталыш менен белгилүү "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанындагы фонтандардын тегереги кыргыздын оймолору менен кооздолот. Бул тууралуу бүгүн мэрияда өткөн жыйында айтылды.

Архитекторлордун белгилешинче, учурда ал жерде оңдоо иштери жүрүп жатат. Фонтандар дээрлик жарактан чыгып калгандыктан жаңылоо талап кылынат. Тегерегиндеги аянтча да оңдолуп, кыргыздын оймо-чиймеси тартылат. Мажүрүм талдардын түбү чирип бараткандары кыйылып, калгандары иретке келтирилет.

"Айчүрөк" дүкөнүнүн алдындагы фонтандар алына баштаганда ал жерде да кабат үй салынышы ыктымал деп коомчулук чочулап, бул тема социалдык тармактарда кызуу талкууланган. (RK)

XS
SM
MD
LG