Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:24

Олланд: Биздеги алдын ала маалыматтар учак кыйраганын көрсөтүүдө


Франсуа Олланд
Франсуа Олланд

Париждеги маалымат жыйынында француз президенти Франсуа Олланд ушу кезге чейин чогултулган маалыматтардын баары MS804 жүргүнчү учагы Жер Ортолук деңизине кулашы ыктымалдыгын көрсөтүп жатканын билдирди.

“Биздин министрлер, өкмөт мүчөлөрү жана албетте египеттик бийлик чогулткан маалымат тилекке каршы учак кыйраганын көрсөтүүдө” деди Олланд.

Ошондой эле ал кырсыктын себептеринин бирин да четке кагуу жана тастыктоо мүмкүн эместигин билдирди.

Грециянын коргоо министри Панос Каменос болсо, жоголор алдында учак бир топ чукул бурулуштарды жасап, андан соң ылдыйлаганын билдирди.

EgyptAir компаниясынын учагы 56 жүргүнчү, 10 экипаж мүчөсү менен 19-май түнү, Каир убактысы боюнча 02:30да радардан жоголгон.

Египет куралдуу күчтөрү, ага Греция жардамдашып, издөө иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG