Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

ОшМУ: Алымбек датканын 215 жылдык мааракесине арналган жыйын


Алымбек датканын шарттуу сүрөтү.
Алымбек датканын шарттуу сүрөтү.

2016-жылдын бугу (май) айынын 20сында (жума күнү) Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин имаратында кыргыз элинин XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдык мааракесине арналган республикалык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлүүдө.

Бул илимий-тажрыйбалык жыйында Алымбек Асан бий уулунун (1799-1862) өмүр жолу жана анын замандаштары, Борбордук Азия калктарынын XIX кылымдын ортосундагы дипломатиялык мамилелеринин ар кыл багыттары, кыргыздар менен падышалык Орусиянын алакаларынын тарыхынын оош-кыйыш маселелери жана башка темаларды камтыган баяндамалар сунушталат.

Баяндамачылардын арасында тарыхчы профессорлор Ташманбет Кененсариев, Кыяс Молдокасымов, Турсунай Өмүрзакова, Жеңиш Дүйшеев ж.б. бар.

“Тарых жана маданият жылында” Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фонду Ош мамлекеттик университети менен биргеликте уюштуруп жаткан бул илимий шеринеге “Тарых жана маданият жылын” өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси, “Диалог Евразия” коомдук фонду жана башка шериктер кол кабыш кылышууда.

Алымбек датка 1862-жылы Кокон хандыгындагы сарай кутумунда набыт болгон соң, саясий сахнага анын жубайы Курманжан чыгып, датка наамын алып, ошол доордогу Борбордук Азиядагы жападан жалгыз эң таасирдүү саясий ишмер айым болуп калган.

XS
SM
MD
LG