Бул тууралуу АКШ, Европа биримдиги, Франция, Британия жана Германиянын 19-майда Брюсселдеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин жасаган биргелешкен билдирүүсүндө айтылат. Анда чет элдик банктар менен компаниялар Иранда легалдуу ишкердик менен алектенүүдөн баш тартпай эле койсо болору жазылган.
"Эгерде мыйзам сакталса, биз Иран менен кызматташкан эл аралык фирмалар жана каржы институттарына тоскоол болбойбуз", - деп белгиленген.
Былтыр жайында кол коюлуп, быйыл февралда күчүнө кирген өзөктүк келишимдин шарттары боюнча Иранга киргизилген экономикалык чектөөлөр алынган. Бирок АКШ Ирандын ракета программасына жана анын Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалга катышуусуна каршы жаңы санкция жарыялаган эле.