Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

 Жалал-Абад: эки орусиялыкка паспорт мыйзамсыз берилгени аныкталды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” билдиргендей, Мамлекеттик каттоо кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүндө чет элдик эки жаран паспортту мыйзамсыз алышкан. Былтыр октябрда облустагы райондордун биринин жетекчилери кызмат абалынан пайдалануу менен аларга ID-card жана жалпы жарандык документ беришкен. Экөө тең Орусиянын жарандары, мурда Кыргызстанда жашаган эмес. Алардын Урал федералдык округунда каттоого турганы ачыкка чыкты. Бул боюнча топтолгон материалдар облустук прокуратурага өткөрүлүп берилди.

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кыргызстандык жасалма паспорт менен 98 кытайлык уйгур Жиддага учуп жаткан маалда кармалган болчу. Бул окуя өкмөткө паспорт берүү тармагындагы жемкордукту моюнга алууга аргасыз кылган. (NT)

XS
SM
MD
LG