Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:13

Парламентте улутташтырылган ишканалардын абалы талкууланат


Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясы бүгүн улатташтырылган объектилердин экономикалык абалын талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Фракция жыйынында өкмөт алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Алмазбек Кадыркулов менен экономика министри Арзыбек Кожошев депутаттарга маалымат беришет.

2010-жылдагы Апрель окуяларынан соң Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде 47 объект улутташтырылган. Алардын ичинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык бир нече пансионат, өлкөдөгү ири “Альфа Телеком” уюлдук компаниясы бар. (NT)

XS
SM
MD
LG