Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Жалал-Абадда студенттер "Элдик парламентке" каршы чыгышты


Оппозициянын жыйыны.
Оппозициянын жыйыны.

Жалал-Абад шаарында жайгашкан жогорку окуу жайлардын айрым студенттери 19-майда маалымат жыйын куруп "Элдик парламентке" нааразылык билдиришти. ЖАМУнун студенти Бектур Токтонов "Элдик парламенттин" президентти, бийликти алмаштыруу боюнча айткандарын сындады. Ошондой эле оппозицияны өзүнүн так программасын сунуштап, элдин ишенимине кирүүгө чакырды.

Ал эми Укук, бизнес жана билим берүү академиясынын студенти Бекназар Бекташев "Элдик парламенттин" билдирүүлөрүн чагым катары мүнөздөдү.

Апрелде түзүлгөн “Элдик парламент” уюму 12-майда форум уюштуруп, 17-майга чейин президент Алмазбек Атамбаев отставкага кетсин деген талап койгон, антпесе митингге чыгарын жарыялашкан. Бул жыйындан кийин Улуттук коопсуздук комитети анын лидерлерине “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген берененин негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алды.

Өткөн аптада "Элдик парламенттин" жетекчилериники делген телефондук сүйлөшүүлөрдүн үнү интернетте тараган. Анда 17-майда Кыргызстанда бийлик кулатылары, өкмөт башчылыкка алардын өкүлү келери тууралуу сөз болгон.

"Элдик парламент" бийликтин камакка алуулары мыйзамсыз экенин айтууда. Кыймылдын 17-майда Жеңиш аянтына белгиленген митинги өтпөй калды. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG