Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

Балыкчы: аскер бөлүктүн жоокери снаряддын жарылуусунан каза тапты

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы билдиргендей, окуя 19-майдын кечинде болгон. Келишимдин негизинде кызмат өтөп жүргөн аскер кызматкери куралды этиятсыздык менен колдонгондуктан снаряд жарылып, катуу жараат алган. Ал Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилип, кечки саат 21:30дар чамасында өзүнө келбей каза тапты. Бул боюнча кызматтык иликтөө дайындалды. Балыкчы гарнизондук аскер прокуратурасы окуянын чоо-жайын иликтөөгө киришти. (NT)

XS
SM
MD
LG