Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Өлкөдөн жашыруун чыгып кетүүгө аракет жасаган жаран кармалды


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Чек арачылар Таласта кыргыз-казак чек арасынан жашыруун өтүп кетүүгө аракет жасаган кыргызстандык жаранды кармашты. Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя 19-майда “Чоң-Капка” автомобилдик көзөмөл-өткөрмө бекетинде болгон.

Honda Stepwgn автоунаасын текшергенде багаж салгыч жайда жашынып жаткан адам табылган. Ал чек арачыларга каршылык көрсөткөн. Сурак учурунда кармалган жаран айдоочуга акча берип, Казакстанга, андан ары Орусияга өтүүнү көздөгөнүн айтып берди. Ал Жалал-Абал облусунун тургуну, өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынган жаран болуп чыкты.

Кармалган адам Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG