Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Аскердеги өлүм боюнча кылмыш иш териштирүү жыйынтыгы менен козголот


Иллюстарция
Иллюстарция

Аскердеги өлүм фактысы боюнча кылмыш иш жагдайлар аныкталгандан кийин, териштирүүнүн жыйынтыгы менен козголот. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын аскер прокурору Нурлан Дүйшөмбиев билдирди. Анын айтуусунда, учурда иликтөө жүрүп жатат, адистер иштөөдө.

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы билдиргендей, окуя 19-майдын кечинде Балыкчыдагы аскер бөлүктө болгон. Келишимдин негизинде кызмат өтөп жүргөн аскер куралды этиятсыздык менен колдонгондуктан снаряд жарылып, катуу жараат алган деп айтылууда.

Ал Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилип, кечки саат 21:30 чамасында өзүнө келбей көз жумду.

Былтыр Кыргызстанда аскер кызматын өтөп жаткан 10 жоокер каза тапкан. Бул расмий статистика экенин "Азаттыкка" "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирген.

Анын айтымында, 2014-жылы 13 аскер мерт болгон. Ал эми 2012-2013-жылдары 39 жоокер өмүрүнөн ажыраган.

Дээрлик бардык фактылар боюнча иликтөө жүргүзүлүп, көбүнчө алар өз жанын өзү кыйган деген тыянак чыккан. "Бирок бир да ата-эне мындай бүтүмгө макул болгон эмес" дейт укук коргоочу.(BkA/RK)

XS
SM
MD
LG