Эртең, 21-майда Бишкекке расмий сапар менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И келет. Ал өлкө президенти Алмазбек Атамбаев, башкы дипломат Эрлан Абдылдаев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулайт.
Ван И Бишкекке 21-24-майдагы Борбор Азия өлкөлөрүнө сапарынын алкагында келет. Ал Кыргызстандан тышкары Казакстанда жана Өзбекстанда болот. Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин саммитине катышат. (RK)