Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Дары-дармек департаментинин өкүлдөрүнө карата кылмыш иш козголду


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин кызмат адамдарына карата кылмыш иш козгоду.

Алар бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу деген беренелердин негизинде айыпталууда.

Маалыматка караганда, 2013-2015-жылдары кылмышка шектүү кызматкерлер айрым дары-дармектерди Кыргызстанга бажы төлөмүсүз алып кирүүгө уруксат берип, натыйжада мамлекетке 2,5 миллион сомдук зыян келтирилген.

Учурда бул факт боюнча тергөө жүрүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG