Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Казакстанда интернеттеги социалдык тармактар иштебей турду


Казакстанда 20-майга караган түнү интернеттеги бардык социалдык тармактар убактылуу иштебей калды. TJ блогерлер сайты тараткан кабарга ылайык, Facebook, Twitter, WhatsApp, Viber, Youtube каналдары жана мессенжерлер бир топ убакыт ачылбай турду. Алматыда түндө интернет да бир саатка иштебей калган. Себеби анык эмес.

Telegram жарым-жартылай ачык. Жергиликтүүлөр муну Жер реформасына каршы 21-майга белгиленген митинг алдында бийликтин тыюу салуу аракети катары сыпатташууда.

Жер кодексине өзгөртүү киргизүүгө каршы активисттердин митинги тууралуу негизинен социалдык тармактарда маалымдалып жаткан.

“Азаттык” радиосунун казак кызматы тараткан кабарга ылайык, нааразылык акция мыйзамсыз уюштурулуп жатат деген негиз менен 17-майдан бери 20дан ашуун активист камакка алынды.

Апрелден бери Казакстанда жер реформасына байланыштуу элдик толкундоолор күчөп жатат.

XS
SM
MD
LG