14-майда классташын сууда тумчугуп агып баратканда куткарып калган Кадамжай районунун А.Масалиев атындагы орто мектебинин 1-классынын окуучусу Ибрахим Авазовго Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы ыраазылык билдирди.
Милициянын облустук жетекчиси Ашим Тагаев жардамга муктаж адамга кайдыгер карабай кырсыктан сактап калуу эрдик экенин белгилеп, 20-май күнү ага ыраазылык кат жана велосипед тапшырды.
Ибрахим Авазов мектептен келе жатып классташы сууга түшүп кетип, шар аккан суу менен агып бара жатканын көрүп калган. Жардамга муктаж Байэлдин китепкабынан кармап, арыктын жээгине тартып чыгарган. Көп суу жутуп тумчуккан Байэлге көкүрөгүнө жасалма дем алдырып, жутуп алган сууну чыгарган. (JsA)