Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

СПИДден каза болгондор эскерилди


Иллюстрация
Иллюстрация

Бүгүн Бишкекте СПИД илдетинен каза болгондорду эскерүү акциясы өттү. «СПИД» борборунда уюштурулган иш-чарага «Наркологиядагы альтернатива», "Кургак учукту жеңебиз!" жана башка бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышып, чакан концерттик программа жана викториналар тартууланды. Асманга ак шарлар учурулду.

Бул күн жыл сайын дүйнө жүзү боюнча белгиленип келет. Быйыл эскерүү акциялары «Катыштыруу. Окутуу. Шыктандыруу» деген ураан астында өтүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын алып жүргөндөрдүн саны 6,5 миң адам, алардын 300ү чет өлкөлүктөр.

СПИД катталгандан бери өлкөдө бул айыккыс дарттан 1350 адам каза тапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG