Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Душанбе: ЕБнин өкүлү демонстранттарга таң калганын билдирди


Евробиримдиктин Тажикстандагы миссиясынын башчысы Хидает Бишчевич "Азаттыктын" тажик кызматынын суроолоруна жооп берип жатып, тажик оппозициясынын өкүлдөрүн мекенине өткөрүп бергиле деген демонстранттардын талабына таң калганын билдирди.

19-майда аялдар менен жаштардын чакан тобу Евробиримдиктин Душанбедеги кеңсесинин алдына чогулуп, европалык дипломаттардан "чыккынчыларды депортациялоону" талап кылышкан. Тажикстандагы бейпилдикти сактоону жактайбыз деген топ, чет жактан туруп алып, өз өлкөсүнө таш ыргыткандар Евробиримдик тарабынан колго түшүрүлүп, мекенине жөнөтүлүшү керек деген талаптарын айтышты.

Тажикстанда уруксатсыз митинг, нааразылык акцияларды өктөрүүгө тыюу салынган. Бирок буга чейин да өлкөдөгү элчиликтердин жанында ушундай эле акциялар болуп келген, анда бийлик эч кандай чара көргөн эмес.

XS
SM
MD
LG