Египеттин кечээтен бери дайыны табылбай жаткан учагында кыргызстандыктар жок болчу. Бул расмий маалымат экенин бүгүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.
"Сауд Арабиядагы элчилигибиздин маалыматына караганда Париж-Каир каттамы боюнча Египеттин аба мейкиндигинде учуп баратып кырсыкка учураган А 320 лайнериндеги 56 жүргүнчү жана экипажынын 10 мүчөсүнүн арасында кыргызстандыктар жок" дейт Кулукеева.
Буга чейин Грециянын Карпатос аралынын жээгинде компаниянын эн белгисине окшош ак-көк түстөгү сыныктар табылганы маалымдалган. Бирок кийинчирээк грек бийлиги маалыматты төгүнгө чыгарды.
19-майга караган түнү Парижден Каирге сапар алган учак коноруна 20 мүнөт калганда дайынсыз жоголгон. (RK)