Мекемелер аралык комиссия кенди иштетүү боюнча март айында жүргүзүлгөн сынактын жыйынтыгын андан утуп алган компания акча төлөбөгөнү үчүн жокко чыгарды.
Геология жана минералдык ресурстар агенттигинен маалымдашкандай, Куттуу-Сай-2 жана Кале-Сай кендерин иштетүү боюнча сынакта Казакстандын “Камалойл” компаниясы уткан . Бирок лицензия алуу үчүн талап кылынган 1 млн долларды төлөгөн эмес. Маалыматка ылайык, кенди иштетүүгө уруксат кагаз акча төлөнгөн күндөн тартып, 30 күн ичинде берилмек.
Эми бул кендерди иштетүү боюнча сынак кайрадан жүргүзүлөт.
Куттуу-Сай-2 жана Кале-Сай кендерин иштетүү боюнча сынакка “Камал Ойл” ишканасынан тышкары жергиликтүү «Армекс групп» ишканасы да катышкан. Бирок тиешелүү өлчөмдө упай алалган эмес.(ZKo)