Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Сеулда кыргызстандык балдар үчүн кайрымдуулук иш-чара өтүп жатат


Эки күндөн бери Түштүк Кореянын борборунда эл аралык MIZY борбору кыргызстандык балдарга спорттук бут кийимдерди чогултуу боюнча иш-чара өткөрүүдө. Ага Сеулдун тургундары, Түштүк Кореядагы кыргызстандыктардын өкүлдөрү катышууда. Сеулда жашаган кыргыз кызы Азима Акунованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, кайрымдуулук фестивалында чогулган жаңы спорттук бут кийимдер Кыргызстандагы жетишпеген үй-бүлөлөрдүн балдарына жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына жиберилет.

Расмий маалымат боюнча, Түштүк Кореяда 3 миңдей кыргызстандык жаран иштеп жүрөт.

Эл аралык MIS борборунун мындай кайрымдуулук фестивалы Түштүк Кореяда жыл сайын өткөрүлөт. Анда дүйнөдөгү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн балдары үчүн кийим-кечелер жыйналат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG