Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Стамбулдагы жасалма кыргыз паспорту боюнча окуяны элчилер талкуулады


Кыргызстан менен Кытайдын Түркиядагы элчилери 20-майда жолугуп, Стамбул аэропортундагы жасалма кыргыз паспортуна байланышкан окуяны талкууга алышты. Кытайдын элчиси Хонянг Ю кыргыз элчисинен жасалма кыргыз паспорттору менен кармалган 98 уйгур боюнча маалымат берүүсүн сурады. Кыргызстандын элчиси Ибрагим Жунусов жасалма паспорт чуусуна байланыштуу иш Түркиянын тиешелүү органдары менен чогуу каралып жатканын маалымдады. Жунусов бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун жана алынган паспорттор криминалисттик экспертизадан өтүп жатканын билдирип, учурда түрк полициясынан расмий жооп күтүлүп жатканын айтты. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги маалымдады.

17-май күнү Стамбулдагы “Эрзурум” аэропортунда Кыргызстандын жасалма паспорту менен кытайлык 98 уйгур кармалган. Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы паспорттор өлкөдөн тышкары жакта жасалганын, 2008-жылдан бери берилген паспорттордун көчүрмөсү экени аныкталганын маалымдоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG