Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

Исфана базарындагы өрт боюнча кылмыш иши козголду


Исфанадагы өрттөнгөн базар
Исфанадагы өрттөнгөн базар

Мындай маалыматты 21-май күнү облустук акимчиликтен «Азаттыкка» маалымдашты. Лейлек районунун борбору Исфана шаарындагы борбордук базарда 19-майдын түнүндө өрт чыгып, базардын беш миң чарчы метр аянты толугу менен күйгөн. Өрткө эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Жалпысынан миң адамдын иш орду жараксыз абалга келди. Тилсиз жоо эртең менен 8дерге жакын толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда бул окуя боюнча укук коргоо кызматтары кылмыш ишин козгоп, өрттүн чыгуу себептери аныкталып жатат. Чыгымдарды эсептөө үчүн атайын комиссия иш алып барууда. Ал эми жергиликтүү бийлик базардагы соодагерлер үчүн шаардын башка аймагынан атайын соода кылууга ыңгайлуу жер бөлүп берип, соодагерлер көчүрүлдү.(JsA)

Исфанада эң чоң базар өрттөндү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00

XS
SM
MD
LG