Нобель сыйлыгынын лауреаты, окумуштуу, диссидент, укук коргоочу Андрей Сахаров тирүү болсо 21-майда 95 жашка чыкмак. Бул күнү Москвадагы Сахаров борборуна 20 жыл болду. Аталган борбордо атайын иш-чара уюштурулду. Анда “Сахаров” деген аталышта сүрөт көргөзмөсү болот. Көргөзмөдө улуу физиктин өмүр баяны, документтер, сүрөттөр жана Сахаров колдонгон буюмдар коюлган.
Мындан тышкары Сахаровдун жашоо-турмушу, ишмердүүлүгү тууралуу кинотасма көрсөтүлөт.
Советтик окумуштуу Андрей Сахаров Сталинге, өзөктүк куралга жана башка советтик аракеттерге каршы пикирлеринен кийин бардык наамдарынан жана сыйлыктарынан ажыратылып, 1980-жылы Москвадан Горький шаарына сүргүнгө айдалган. 1986-жылы Михаил Горбачев анын кайтып келүүсүнө уруксат берген. Андрей Сахаров 1989-жылы өлгөн.