Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Кытайдын тышкы иштер министри Бишкекке келди


Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И. 27-апрель, 2016-жыл
Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И. 27-апрель, 2016-жыл

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 21-майда Бишкекке келди. Расмий сапарынын алкагында ал 22-май күнү президент Алмазбек Атамбаев жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугат. Жолугушууларда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланат.

Ван И 21-24-май күндөрү Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырат. Ал Кыргызстандан тышкары Казакстанда жана Өзбекстанда болот. Ташкенде Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин саммитине катышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG