Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Нургазы Вашингтондо Кыргызстандын АКШдагы элчиси менен жолугушат


Нургазы Жакшылыкбек уулу ортодо, АКШ, Нью-Йорк
Нургазы Жакшылыкбек уулу ортодо, АКШ, Нью-Йорк

23-майда Нургазы Жакшылыкбек уулу Вашингтондо Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов менен жолугушат. Бул тууралуу Нургазыны коштоп АКШда жүргөн кабарчыбыз кабарлады.

"Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаевдин “Кыял” тасмасы эл аралык Webby Awards сыйлыгына татыган. Сыйлык 17-майда Нью-Йоркто тапшырылды. Нургазыны Америкада тасманын автору Уланбек Эгизбаев жана демөөрчү катары барган “Элим, барсыңбы?” фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов коштоп жүрүшөт.

Нургазы айыл жеринде мектепке араба менен кыйналып жеткени, жакшы билим алгысы келгени тууралуу кыялдарын айтып берген бул тасма коомчулукка жарыялангандан кийин "Элим барсыңбы?" коомдук фонду тарабынан ага квадроцикл сатып берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG