ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович 22-майда билдирүү таратып, каршылык акциясын чагылдыруу үчүн келген журналисттерге казак бийлигинин мамилесин сындады. Миятовия казак бийлигин 21-майда кармалган бардык журналисттерди токтоосуз бошотууга чакырды. Анын белгилөөсү боюнча, өз ишин аткарып жүргөн журналисттерди кармап, камоо – өлкөдөгү сөз эркиндигине жана журналисттердин коопсуздугуна коркунуч келтирет.
21-майда Казакстандын Астана, Алматы, Орол, Атырау, Павлодар жана башка аймактарында жер сатууга каршы митингдерди чагылдырууга келген ондогон журналисттер кармалган. Арасында “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчылары да болгон. Алардын баары бир нече сааттан кийин бошотулган, бирок алардын иш убактысы үзгүлтүккө учурады.
21-майда Казакстандын ири шаарларында жарандар бийликтин жерди чет элдиктерге узак мөөнөткө ижарага берүүсүнө каршы нааразылык митингине чыгышмак. Полициянын куугунтуктоосу менен көпчүлүк шаарларда митинг болбой калды. Күч кызматтары чогулган элди кууп, айрымдарын кармап, камакка алган.