Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

Түркияда АК партиянын жаңы лидери болуп Бинали Йылдырым шайланды


Бинали Йылдырым
Бинали Йылдырым

Бийликтеги Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери болуп бул партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири, транспорт министри Бинали Йылдырым шайланды.

Президент Режеп Тайып Эрдогандын негизги өнөктөшү саналган Йылдырым шайлангандан кийин президенттик башкарууну жактай тургандыгын билдирди. Анын жекшемби күнү АК партиянын курултайында айтканына караганда, түрк саясатында “де-факто” калыптанып калган абалды мыйзамдаштырып коюу керек.

Бинали Йылдырым партиянын лидерлигине сунушталган жалгыз талапкер болгон. Анын башкаруучу партиянын лидерлигине шайланышы Йылдырым өкмөт башчы болот дегенди түшүндүрөт. Ал кызматынан кетип жаткан премьер-министр Ахмет Давутоглынын ордуна келет. Давутоглынын кызматтан кетүүсүнүн негизги себеби катары анын президент Эрдоган пикир келишпестиктери аталган.

Алтымыш жаштагы Йылдырымдын президент менен байланышы 1990-жылдардын экинчи жарымына, Режеп Тайип Эрдоган Стамбул шаарынын мэри болуп турган кезге барып такалат.

Йылдырым Эрдоган менен бирге 2001-жылы АК партиянын негиздөөчүлөрүнүн катарында турган.

XS
SM
MD
LG