Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:52

Манасчы Жусуп Мамайдын мурасына арналган эл аралык илимий жыйын өтөт


Жусуп Мамайга арналган II эл аралык илимий жыйындын материалдары камтылган жыйнактын мукабасындагы сүрөт. 25.5.2015.
Жусуп Мамайга арналган II эл аралык илимий жыйындын материалдары камтылган жыйнактын мукабасындагы сүрөт. 25.5.2015.

2016-жылдын 23-майында Жалал-Абад мамлекеттик университетинде кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын (1918 – 2014) элесине арналган Үчүнчү эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын жана башка маданий иш-чаралар башталууда. Тарых жана маданият жылынын иш-чараларына арналып өтүп жаткан бул жыйынга Кытай окумуштуулары жана маданият ишмерлери катышууда.

Илимий жыйында Жусуп Мамайдын өмүрү жана “Манас” дастанынын ага таандык вариантынын өзгөчөлүгү, кыргыз жана түрк калктарынын дастанчылык өнөрү, ошондой эле заманбап фольклор таануу, этнография жана манас таануу маселелери чагылдырылган баяндамалар сунушталмакчы.

Бээжинден келген профессор Токтобүбү Ысак “Жүсүп Мамайдын манасчылык өмүрүн жазып чыгуунун архип баяны”, Артыштан келген Амантур Абдырасул “Жүсүп Мамайдын баалуулуктары”, ал эми үрүмчүлүк Ысакбек Бейшенбек уулу “Жүсүп Мамай вариантындагы «Көкөтөйдүн ашындагы» конок күтүү каада-салты” деген темада баяндашат. Кытайлык кыргыз композитору Мамбетжума Мамбетакун уулу «Манас» эпосунун обону жөнүндө серебин сунуштамакчы.

Тарых жана маданият жылында Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фонду Жалал-Абад мамлекеттик университети менен биргеликте уюштуруп жаткан бул илимий жыйынга окумуштуулар, эл аралык фонддордун өкүлдөрү катышмаккчы.

Газы Ахмед: Жусуп Мамай - дүйнө каухары
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:30 0:00
Түз линк

Кыргыз Республикасынын президентинин 2013-жылдын 30-апрелиндеги «Манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоо ишине кошкон салымы жөнүндө» жарлыгына ылайык Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына жана манас таанууга арналган алгачкы эл аралык жыйын Талас мамлекеттик университетинде (2014), экинчиси – Нарын мамлекеттик университетинде (2015) өткөрүлгөн.

“Мурас” фондунун өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, Жусуп Мамайдын мурасын жана манас таануу маселелерин иликтөөгө арналган Төртүнчү эл аралык илимий жыйын келерки жылы жазында Баткен мамлекеттик университетинде өткөрүлөрү болжолдонууда.​(TT)

XS
SM
MD
LG