Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:11

Эрдоган жаңы өкмөттү түзүүнү тапшырды


Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) лидери болуп жаңыдан шайланган Биналы Йылдырымга өкмөттү түзүүнү тапшырды.

Жекшембиде АК партиянын курултайында Йылдырым партия лидери болуп шайланган эле.

60 жаштагы Йылдырым президент Режеп Тайип Эрдоган менен бирге 2001-жылы АК партиянын негиздөөчүлөрүнүн катарында турган. Ал партия лидерлигине шайлангандан кийин президенттик башкарууну жактай тургандыгын билдирген.

Мурдагы транспорт жана деңиз иштери боюнча министр Йылдырым кызматынан кетип жаткан премьер-министр Ахмет Давутоглынын ордуна келет. Давутоглынын кызматтан кетүүсүнүн негизги себеби катары анын президент Эрдоган менен пикир келишпестиктери аталган.

XS
SM
MD
LG