Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Стамбул шаарында бүгүн башталчу Гуманитардык саммитке катышат.
Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Саммит алкагында кыргыз президентинин башка өлкө жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө. Бирок кайсы лидерлер менен жолугары ачык айтылган жок.
БУУнун жетекчилиги алдында алгач ирет өтүп жаткан Дүйнөлүк гуманитардык саммит адам баласынын кызыкчылыгын коргоого багытталган. Анын ичинде адамдын коопсуздугу, ар-намысы, татыктуу турмушта жашоосу сыяктуу шарттар каралган.(BkA)