Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Оппозициячыл саясатчылар АКШга барды


АКШ, Вашингтон.
АКШ, Вашингтон.

Кыргызстандагы бир катар оппозициячыл саясатчылар жана журналисттер АКШда бир катар жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу АКШда жүргөн жарандык активист Адил Турдукулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, оппозициячыл саясатчылар Равшан Жээнбеков, Бегалы Наргозуев, журналисттер Замира Сыдыкова, Адилет Айтикеев, Марат Баязов, Аманылло Иминов Вашингтонго барышты. Ал жерде АКШ Мамлекеттик департаменти, “Фридом Хаус”, Демократияны колдоо фонду, "Голос Америки" радиосунун өкүлдөрү менен жолугушат. Анда Кыргызстандагы демократия, сөз эркиндиги боюнча маселелер талкууланат.

Турдукулов сапарга кетчү каражаттарды өздөрү көтөрүп жатканын кошумчалады.(BkA)

XS
SM
MD
LG