Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Кыргызстандык депутаттар АКШда тажрыйба алмашууда


АКШ, Вашингтон, Акүй.
АКШ, Вашингтон, Акүй.

Кыргыз парламентинин беш мүчөсү АКШда иш сапар менен жүрүшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кошмо Штатта жүргөн депутаттардын бири Жанар Акаев кабарлады. Анын айтымында, “Ачык дүйнө” программасынын негизинде барган кыргыз парламентинин өкүлдөрү ушул күндөрү парламенттер аралык кызматташуу жана тажрыйба алмашуу максатында АКШда бир нече жолугушууларды өткөрүүдө.

Акаев ошондой эле июнь айынын башында АКШ конгрессинин сегиз өкүлү Кыргызстанга иш-сапар менен келерин кошумчалады.

Былтыр 21-июлда кыргыз өкмөтү АКШ менен 1993-жылы кабыл алынган кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарган. Быйыл президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан - АКШ кызматташуусу боюнча жаңы келишим даярдалып жатканын билдирген болчу. Бирок азырынча бул келишимдин качан кабыл алынары белгисиз бойдон калууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG