Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

«Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду» жолунун курулушу уланууда


Жол курулушу.
Жол курулушу.

Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, каттамдын Тамчыдагы аэропорттон Чолпон-Ата шаарындагы ат майданга чейинки бөлүгүн кеңейтүү иштери уланууда. Президенттин кеңешчиси Калыкбек Султанов, транспорт жана байланыш министри Замирбек Айдаров азыр жол жана ипподром курулушунун жүрүшү менен таанышууда.

Өкмөт буга чейин аталган жолдун Тамчы айылындагы аэропорттон башталып, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданга чейинки аралыктагы 35 чакырымдык бөлүгү гана сентябрдагы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарына чейин бүткөрүлөрүн маалымдаган. Каржы министрлиги ага 500 миллион сом бөлмөкчү.

«Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду» жолунун жалпы узундугу 104 чакырымга созулат. Долбоорду толугу менен аягына чыгаруу үчүн 2,6 миллиард сом сарпталары маалымдалган. (NT)

XS
SM
MD
LG