Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 10:14

Баткен: Чек арадагы айылдыктар бийликке кайрылуу жөнөтүштү


Чек ара.

Баткен районунун Өзбекстан менен чектеш Таян айылынын тургундары жана жергиликтүү кеңештин депутаттары бийликке расмий кайрылуу жолдошту. Анда чек арадагы Сөгөт аймагындагы жерди трансформациялоо, Катыке жайытынын жана Какыр участогунун чегин Өзбекстан менен тез арада тактоо маселелери жазылган. Ошондой эле Баткен облусундагы Өзбекстандын Сох анклавына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнү тездетүү талабы коюлган. Бул тууралуу айыл жашоочулары «Азаттыкка» билдиришти.

Өткөн жумада жергиликтүү тургундардын демилгеси менен Кыштут айыл аймактык кеңешинин кезексиз сесиясы чакырылып, аталган маселелер козголуп, бийликке кайрылуу кабыл алынган. (JsA)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG