Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айымкан Кулукееванын "Азаттыкка" билдиришинче, кыргыз тарап Түркиядан паспорт жаңжалы боюнча жооп күтүүдө. Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги Стамбул аэропортунан кыргыз паспорту менен кармалган кытайлык уйгурлар боюнча маалымат алуу үчүн 19-майда Түркиянын Тышкы иштер министрлигине расмий нота жөнөткөн. Анда мыйзамсыз миграция уюштурду деген шек менен кармалган кыргызстандык беш жаран тууралуу маалымат берүүнү өтүнгөн. Азыр Кыргызстандын элчилиги бул багытта Түркиянын тиешелүү органдары менен тыгыз иштешип жатканы кабарланды.
17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан Жиддага учуп жаткан маалда кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур кармалган болчу. Мамлекеттик каттоо кызматы бул документтердин чыныгы ээлери Кыргызстанда жашарын жана уйгурлардан алынган паспорттор жасалма экенин билдирген. (NT)